• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте балдар арасында “Shoro Kid’s Run” массалык жарышы өттү

Спорт 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкекте балдар арасында “Shoro Kid’s Run” массалык жарышы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарышка жалпысынан 2 жаштан 16 жашка чейинки 1000 бала катышты.

Жарыш Ынтымак сейил багында өтүп, чоң старт шаарчасы, маданий шоу-программа, оюндар, сынактар, спорттук оюндар жана сүрөт тартуу уюштурулду.

Жарыштын максаты - балдарды спортко жана сергек жашоого тартуу болуп саналат. Жаш жөө күлүктөргө ыңгайлуу болушу үчүн бардык катышуучулар жаш категорияларына жана аралыктарга бөлүнүштү.

•2-5 жаштагы балдар 300 метр аралыкка;
•6-8 жаштагы балдар - 500 метр аралыкка;
•6-1 жашка чейинки балдар - 1 чакырым аралыкка;
•13-16 жаштагы балдар — 3 чакырым аралыкка чуркашты.

Финишке жеткен ар бир бала демөөрчүлөрдөн жана өнөктөштөрдөн эстелик медалдарды жана байгелерди алышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Балдарды коргоо күнүнө жана ата мекендик “Шоро” ишканасынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий