• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык студенттер Сауд Арабиядагы көргөзмөдө унаа утуп алышты

Маданият 0

Бишкек, 12.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык студенттер Сауд Арабияда өткөн эл аралык маданий салттуулуктун көргөзмөсүндө унаа утуп алышты. Бул тууралуу Алмаз Талипакунов өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымында, Медина шаарында 10 күндүк көргөзмө болгон, анда 80 өлкөдөн келген студенттер катышкан.

“Бул кыргыз элинин жетишкендиги, себеби дегенде биздин студенттер алдыңкы орунга ээ болушту. Аларга Mitsubishi үлгүсүндөгү унаа тапшырышты”,-деп билдирди Талипакунов.

Ошондой эле ал көргөзмөгө Мединага сыйынууга барган 110 мамлекеттин студенттери келишкендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий