• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык волейболчулар зоналык Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан (U-23) зоналык Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу kyrgyz_volleyball баракчасы жазат.

Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп, жалпы төрт команда: Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курамалары күчүн сыноодо.

Бүгүн, 26-декабрда кыргызстандык волейболчулар финалда Бангладештин курамасы менен беттешет.

Кыргызстандын атынан 10 спортчудан турган курама команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий