• 88.68
  • 95
  • 0.95

CAVA Улуттук лигасы: Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасында 2-орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия жана Непалдын курама командалары катышты. Курама командалар өз ара айлампада ойношту.

Жыйынтыгында Иран курама командасы 16 упай менен 1-орунду ээледи. Улуттук курама команда 15 упай менен 2-орунду, ал эми Монголиянын курама командасы 11 упай менен 3-орунду ээледи.

Мындан сырткары, төмөнкү спортчуларга атайын наамдар ыйгарылды:

- “Мыкты тосмочу” наамы Роман Шилов (Кыргызстан);
- “Мыкты тосмочу” наамы Азизбек Кучкоров (Өзбекстан);
- “Мыкты коргоочу” наамы Кутман Абсатаров (Кыргызстан);
- “Мыкты каршы чабуулчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);
- “Эң баалуу оюнчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);
- “Эн мыкты оюнчу” наамы Хоссейинитолоути Сейедматин (Иран);
- “Эң мыкты оюнчу” наамы Гантулга Ценд-Аюш (Монголия).

Пикир

Оставить комментарий