• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Спорт мени күчтүү болууга үйрөттү. Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Спорт 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Тыныбекова беттештен кийин өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү калтырып, ушул күнгө чейин аны колдоп келген күйөрмандарына дагы бир ирет рахматын айткан.

"Демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат. Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз. Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга!

Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!", - деп жазган Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды.

Ошондой эле Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды. Ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий