• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык ырчы Грузиядагы эл аралык сынакта “күмүш” утуп алды

Маданият 0


Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кыргызстандык жаш ырчы Абай Сериков Грузиянын Батуми шаарында өтүп жаткан эл аралык Dicover Silk Road Star музыкалык фестивалынын “күмүш” лауреаты болду.

Сүйүнүчтүү кабар менен КРнын эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова социалдык тармактагы жеке баракчасынан бөлүшкөн.

Ал сынактын үч күнүндө Абай Сериков 281 балл алып, экинчи орунду ээлегенин айткан. Фестивалга европалык жана азиялык талантуу ырчылар катышкан.

Биринчи орунду Казакстан, Азербайжан жана Грузиянын вокалисттери ээлеген. Күмүш медалды Кыргызстан жана Өзбекстандын ырчылары, үчүнчү орунду украиналык катышуучу алган.

Discover Silk Road Star эл аралык музыкалык фестивалы Батуми шаарында 25-августта башталган, 1-сентябрда аяктайт. Ага Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Болгария, Румыния, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Грузия жана Жибек жолундагы башка өлкөлөрдөн келген ырчылар катышкан.

Пикир

Оставить комментарий