• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Ташкенттеги жарышта алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүктөр Ташкенттеги эл аралык жарым марафондо эки медаль тагынышты. Бул тууралуу Газеты.uz басылмасы жазат.

Мелдеш кечээ, 24-мартта Ташкентте болуп өтүп, ага 28 өлкөдөн келген 1 миң 600дөн ашык спортчу катышкан.

Бул жарышта кыргызстандык Дарья Маслова 21,097 чакырым аралыкты 1:12:30 убакытта чуркап өтүп, биринчи келген. Экинчи жана үчүнчү болуп өзбекстандык спортчулар - Ситора Хамидова, андан кийин Екатерина Тунгускова келген.

Ал эми эркектердин арасынан Адилет Кыштакбеков экинчи болгон.

Пикир

Оставить комментарий