• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Казакстанда өткөн мелдеште 3 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык жеңил атлетчилер Казакстанда өткөн Кубокто байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Турнир кечээ Алмата шаарында башталып, бүгүн аяктаган. Спорттук иш-чарага Кыргызстандын атынан Анна Буланова, Жамалдин Мусаев жана Станислав Манжуевдер барган.

Мусаев 100 метр аралыкта чуркап, 10,70 секунд жыйынтык менен жеңүүчү болгон.

Анна эки аралыкта чуркап, 100 метрде (11,80) үчүнчү, ал эми 200 метр аралыкта (23,06) күмүш медаль тагынган.

Спортчулар үчүн Дирекциянын бюджетинен 68 миң сом кеткен.

Пикир

Оставить комментарий