• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык жигит тартылган дагы бир индия клиби жарык көрдү

Маданият 0


Бишкек, 10.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Youtube каналында Times Music студиясы индия ырчысы Рахат Фатех Али Хандын (Rahat Fateh Ali Khan) Кыргызстанда тарткан клибин жайгаштырды.

Башкы каармандардын ролун белгилүү актриса Нита Чандра жана бир нече эл аралык сулуулар сынагына катышып келген кыргызстандык Нурсултан Айталиев аткарган.

Клип сентябрь айынын башында Ысык-Көлдүн жээгинде жана Кыргызстандын кооз жерлеринде тартылган.

Эске сала кетсек, бул индия артисттери тарабынан Кыргызстанда тартылган биринчи клип эмес. Буга чейин сентябрдын башында ырчы Анкит Тиван өз ырына КРде клип тартып, жалпы көрүүчүлөргө сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий