• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын айкүр боюнча курама командасы Түркияда өткөн мелдеште II орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын айкүр боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн “Асык атуу” боюнча эл аралык мелдешинде экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге алты мамлекеттен келген курама команда катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 29-январдан 5-февралга чейин уланды.

Курама команданын тизмеси:

1. Нурмухамед Абдалимов;

2. Каным Жеңишбекова;

3. Аделя Искендерова;

4. Анвар Жеңишбеков;

5. Аида Мураталиева.

Курама команда машыктыруучу Искендер Кожокеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий