• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир жумада 462 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 15-апрелден 21-апрелге чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча 22 миң 564 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 440;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 462;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 81;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 819;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 207;
  • авто ээнбаштык — 10;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 108;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 16;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 2 132;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 миң 421 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий