• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өтөт

Экономика 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй областтарынын жаштары жана калктын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.

Семинар 22-майдан тартып 7-июнга чейинки аралыкта ЕККУнун финансылык колдоосу менен Улуттук банк тарабынан уюштурулууда.

Буга чейин КР Улуттук банкынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчилиги алдында «Кыргыз Республикасында аймактык өнүгүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында эксперттер тобу тарабынан финансылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттарына негизделген, калктын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча экспресс-курс иштелип чыккан.

Кошумча маалымат www.finsabat.kg Финсабат сайтында берилет.

Бардык суроолор боюнча: 0312 61 24 14 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий