• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймактарында ишкерлерди колдоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. 6-12-март аралыгында Кыргызстандын аймактарында ишкерлерди колдоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммиерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Каракол шаарларында "Бизнес-билим кербени – салык реформасынын чакырыктары" долбоорунун алкагында өтүүдө.

Иш-чара Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ЖИА Бизнес ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Белгиленгендей, панелдик сессияларда, суроо-жооптордо бизнес коомчулугу үчүн эң актуалдуу темалар талкууланып жатат. Атап айтканда, Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор; ишкерди онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү; кассалык машинаны колдонуу эрежелери; электрондук эсеп-фактураларды колдонуу тартиби; виртуалдык кампа ЭTTН; салык отчетторун өз алдынча берүү мүмкүнчүлүгү; ишкерлерди текшерүүгө мораторий; жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү; жарандык активдерди кантип мыйзамдаштыруу керек; ишкерлер бул мүмкүнчүлүктөн кантип пайдалана алышат; мыйзамдаштыруу жөнүндө декларацияны кантип толтуруу маселелери каралууда.

Ошондой эле катышуучулар бизнести колдоо борборунун, прокуратуранын жана салык кызматынын кызматкерлеринен жеке консультация алышууда.

Пикир

Оставить комментарий