• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда январда керектөө баалары жана тарифтер 1,5%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь айында (өткөн айга салыштырмалуу) керектөө баалары жана республика боюнча жалпы тарифтер 1,5%га өскөн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, ошол эле учурда тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекинин баалары өсүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер жогорулаган.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгу жылы январда керектөө баалары жана тарифтер республиканын бардык аймактарында байкалган.

"2023-жылдын январында чекене жана дүң сооданын көлөму 42 млрд сомду түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га көптүк кылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий