• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда КР Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин эл аралык уюмдар, коомдук сектор, фермерлер жана ишкерлердин өкүлдөрү менен биргеликте айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши боюнча жыйыны өттү.

Жыйынга КР министрлер кабинетинин төрагасынын 1-орун басары Айбек Жунушалиев, КР Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча төрагасы Нурбек Алимбеков, БУУ ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши катышты.

Бул Кеңештин негизги милдети Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган пландардын жана иш-аракеттердин кызматташтыгын чыңдоо үчүн колдо болгон техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле макулдашылган саясатты жүргүзүү.

Иш-чарада айыл, суу жана токой чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин алдына коюлган негизги приоритеттер менен тааныштырды:

•Азык-түлүк коопсуздугу;

• Органикалык айыл чарбасы;

• Климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу;

• Кластерди өнүктүрүү;

• Айыл чарбасын санариптештирүү;

• Өндүрүлгөн продукцияларды жаңы базарларга алып чыгуу.

“Бүгүнкү күндө биз өлкөнүн айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн жана экономикалык потенциалды кеңейтүүнүн бир нече артыкчылыктуу багыттарын аныктап жатабыз. Координациялык кеңеш катализатор жана талкуу аянтчасы болуп, айыл чарбасын санариптештирүүгө жана инновацияларды өнүктүрүүгө, жалпы агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет », - деди Аскарбек Жаныбеков.

Талкуунун жүрүшүндө донордук түзүмдөрдүн жана элчиликтердин өкүлдөрү министрликтин демилгесин бир добуштан колдоп, кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында айыл чарба тармагында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү. Кеңештин курамына улуттук өнөктөштөр (негизги мамлекеттик органдар), өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин элчиликтери, донорлор, эл аралык уюмдар) жана каржы институттары кирди.

Пикир

Оставить комментарий