• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын бардык аймактарында жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймактарында жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентгенхирургия борборунун ачылыш аземинде билдирди.

Ал белгилегендей, учурда бул маселе министрлер кабинетинде каралып жатат.

«Борборлор курч кармаган миокард инфаркты жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга тез жардам көрсөтөт», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий