• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 04-09.05.2020

Аналитика 0

Бул апта экономикалык жаңылыктарга мол болду. Эки эл аралык каржы түзүм Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтөрүн билдирди. Өкмөт тарабынан иштелип чыккан экинчи антикризистик пландын алкагында антикризистик фонд түзүү каралганы айтылды.

Азия өнүктүрүү банкынан жардам. Бул аптада Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн доллар насыя жана грант берет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

"COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды жабуу программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен 50 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик колдоону тартып келүү боюнча сүйлөшүү оңунан чыкты. Бул боюнча тийиштүү документ 2020-жылдын 4-майында Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө жогоруда аталган программа боюнча гранттык жана кредиттик макулдашууга кол коюлган.

Райондук бюджеттин жоготуулары. Жыл аягына чейин Бишкек шаарынын Ленин району боюнча бюджетке 265 млн сом түшпөй калышы мүмкүн.

Ленин районунун акими Токтосун Султановдун айтымында, быйыл январь айында район боюнча 115 млн сом чогултуу пландалып, 114 млн сом чогултулган (99,2%). Февраль айында план 109%га аткарылган.

Ал белгилегендей коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал, андан кийин өзгөчө абал киргизилгенден кийин көп ишкана-мекемелердин иши токтотулуп, ал кирешенин түшүшүнө өз таасирин тийгизди.

"Март айындагы план 68,8%га аткарылган же 51,3 млн сомго аз чогултулган. Апрель айында план 50,5%га аткарылды. 2020-жылдын январь-апрель айларында 113,7 млн сом чогулбай калды, план 79,3%га гана аткарылды. Жыл аягына чейин Ленин району боюнча 265 млн сом чогулбай калышы мүмкүн", - деди ал.

Бюджеттин үч айдагы чыгымы. Быйыл январь-март айларында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдары 32 млрд 544,2 млн сомду түздү.

Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын төлөөгө республикалык бюджеттен 8 млрд 905 млн 375,3 миң сом, социалдык жардам боюнча жөлөкпулга 2 млрд 347 млн 328,1 миң сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул төлөөгө 9 млн 873,1 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды төлөөгө 8 млрд 976 млн 431,6 миң сом сарпталган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.

Антикризистик фонд. Бул аптада вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев учурдагы кырдаалга байланыштуу экономика багытында иштелип чыккан экинчи антикризистик план тууралуу айтып берди.

"Антикризистик план өкмөттүн жыйынында бекитилди. Учурда аны ишке ашыруу жумуштары башталды. Ал иштелип чыгып жатканда бизнес коомчулугунан түшкөн сунуштар, донорлордун кеңешчилеринин пикирлери жана биздин көз карандысыз эксперттердин, Жогорку Кеңеште айтылган сунуштар эске алынды. Антикризистик пландын негизги багыттарынын бири – жеңилдетилген каржылоо. Биринчиден антикризистик фонд түзүү планы турат. Ал аркылуу ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет. Бул боюнча өзүнчө программа иштелип чыгууда. Жакынкы арада бекитилет. Анда насыянын негизги шарттары, пайыздар, мөөнөттөрү, жеңилдиктери көрсөтүлөт. Бул антикризистик пландын алкагында Мамлекеттик кепилдик фондунун капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү пландалууда. Кошумча салык контракттарын кайра эсептеп чыгуу каралган. Кийинки иштердин бири, капиталды жана мүлктөрдү легалдаштыруу. Биздин оюбузча, учурда көмүскөдө турган капиталдарды ачыкка чыгарып, ошону экономикага иштетсек бул оң натыйжа берет. Ишкерлер мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага алып, карантинге байланыштуу иши токтоп калган болсо, ошол мезгил үчүн ижара акысынан бошотуу каралган", - деди ал.

Анын айтымында, антикризистик фондго баштапкы этапта 14 млрд сомдон кем эмес каражат чогултуу пландалган.

"Жалпысынан 2020-2021-жыл ичинде фонд аркылуу жалпы каржылоонун көлөмүн 40 млрд сомго жеткирүү планы турат. Бул антикризистик фондду топтогонго ички жана тышкы булактар изделип, аныкталууда. Ички булак тууралуу айтсак, биринчиден мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизип, мамлекеттик чыгашаларды кыскартуунун эсебинен бир топ каражат бошотулуп, аны ишкерлерди каржылоого жумшамакчыбыз. Ушул эле бюджеттин ичинде, мындан мурда Кумтөрдөн түшүп келген каражаттар бизнести колдоого жумшалат. Сырткы булактар тууралуу айта кетсек, бүгүнкү күнү KfW жана Европа инвестициялык банкы менен сүйлөшүүлөр бүтүп, макулдашуу болду. Бул эки өнөктөштөн биз жалпы 50 млн доллардан ашык каражат алабыз. Андан тышкары башка донорлор менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Алдын ала макулдашуулар бар. Кийинки булактар: Евразиялык турукташтыруу жана өнүгүү фонду жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун өзү жүргүзүп жаткан программасы бар. Андан тышкары убактылуу бош иштетилбей жаткан каражатты дагы бул антикризистик фондго тартып келүү боюнча жумуштар жүрүп жатат", - деди ал.

"РСК Банкы". "РСК Банк" ААсынын өлкө аймагында 52 филиалы бар, 133 бөлүм иштейт. Банктын карамагында 236 банкомат, 83 cash-in жана 1 миң 168 пост-терминал бар. Ошондой эле кошумча иштей турган 81 бөлүм ачылган. Бул тууралуу банктын төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде банк өз ишин токтоткон жок.

"Бир миңден ашык банк кызматкери күн сайын калкты тейлеп жатат. Сузак районунун Таран базарында, Курманбек айыл өкмөтүндө сактык кассалары ачылган. Булар өзгөчө абал учурунда гана иштейт, башкача айтканда, алар убактылуу гана ачылган. Мындан сырткары, Ош облусунун Мады айыл өкмөтүндө дагы жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында сактык кассасы ачылды", - деди ал.

Насыя мөөнөтүн жылдыруу. "Айыл Банктын" 10 миңден ашык кардарынын насыясынын мөөнөтү жылдырылды.

"Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин айтымында, бүгүнкү күнү аларда кардарларды тейлөө боюнча 103 бөлүм иштеп жатат.

"Алардын экөө штаб жана комендатуралардын кайрылуусу менен коронавирус боюнча кырдаал оор болгон жерлерде ачылды. Бүгүнкү күнү кредиттик портфелибиз 21 млрд сомдон ашат. Жыл башынан бери 4 млрд сом насыя берилип, аны дээрлик 17 миң кардар алды. Сиздер билгендей "Айыл чарбасын каржылоо-8" программасына катышабыз. Ал программа боюнча 793 млн сом насыя берилди, насыяны 1 миң 183 кардар алды", - деди ал.

Анын айтымында, Улуттук банктын токтомун аткаруу үчүн кыйын абалга туш болгон кардарлардын насыяларынын мөөнөтүн жылдыруу жана реструктуризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күнү 10 миң 153 кардардын насыясынын мөөнөтү жылдырылды жана ал портфелдин жалпы суммасы 5 млрд сомду түздү. Ошондой эле насыянын мөөнөтүн жылдыруу жана реструктуризациялоо боюнча арыздарды кабыл алуу уланууда", - деди ал.

Эл аралык валюта фондунан каражат. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүгө кошумча 121,1 млн доллар бөлдү.

Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши Ыкчам каржылоо инструментинин алкагында Кыргызстанга 80,7 млн доллар, Ыкчам насыялоо механизминин алкагында 40,4 млн доллар каражаттын берилишин жактырды.

Эл аралык валюта фонду экинчи ирет Кыргызстанга акчалай каражат бөлүп жатат. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде ЭВФнын аткаруучу кеңеши Кыргызстанга 120,9 млн доллар бөлүп берүүнү жактырган. Андан кийин 6-апрелде ыкчам каржылоону эки эсеге көбөйтүү боюнча чечим чыккан. Коронавируска каршы күрөшүүгө Кыргызстанга насыялык ресурстардан бөлүнгөн акча каражаттын суммасы 242 млн долларды түздү.

Валюта рыногундагы абал. Валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди

"Улуттук банктын резервдери 2 млрд 394 млн сомду түзөт. Ал 4,5 айлык импортко жетет. Улуттук банк күн сайын ички жана тышкы рыноктогу абалга байкоо жүргүзүүдө. Зарыл болгон учурда Улуттук банк интервенция жасай алат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий