• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси каралды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районуна барды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Доорот-Коргон айылынын Кызыл-Суу дарыясынын оң жээгин 400 метрге бекемдөө маселеси каралып, КР ӨКМ тарабынан солярка бөлүнүп берилип, жакын арада жумуш башталары айтылды.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бүгүн Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу жана Алай райондорундагы кооптуу аймактарды кыдырып, чатырларга көчүрүлгөн жарандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып кайткан.

Пикир

Оставить комментарий