• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумгалда түнкүсүн көчөдө жүргөн 15 өспүрүм кармалды

Аймак 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Жумгалда түнкүсүн көчөдө жүргөн 15 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери атайын иш-мерчемдин алкагында Жумгал районунун Байзак айылында жайгашкан базарга жана Чаек айылындагы майда соода-сатык түйүндөрүнө атайын рейд уюштуруп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жумгал РИИБнүн алдын алуу каттоосунда турган жарандар текшерилип, аңгемелешүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 15 өспүрүм аныкталып, ата-энесинин кароосуна тапшырылып, көзөмөлдү күчөтүү жагы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий