• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 08-13.06.2020

Аналитика 0

Бул апта бир катар экономикалык жаңылыктар менен коштолду. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, быйылкы жылдын 5 айындагы ИДПсы канча болгону, бюджеттик жоготуулар тууралуу маалыматтар чыкты. Өкмөт ишкерлерди колдоо үчүн иштелип чыккан “Ишкерлик субъекттерди каржылоо” программасын сунуштап, анын алкагында жеңилдетилген насыяларды кимдер ала алары белгилүү болду.

Чарба субъекттери. Кыргызстанда 729 миң 417 чарба субъекттери иш алып барат. Алардын ичинде чакан, орто, ири ишканалар, фермердик чарбалар жана жеке ишкерлер бар.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылга караганда чарба субъекттеринин саны 17 миң 806га көбөйгөн. Анын ичинен жеке ишкерлердин саны 8,4 миңге, фермердик чарбалардын саны 8 миңге арткан.

Быйылкы жылдын башына карата Кыргызстанда иштеп жаткан калктын саны 2 млн 382,5 миң кишини түзгөн.

ИДП. 2020-жылдын январь-май айында ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылга (январь-май) салыштырмалуу 4,8 пайызга төмөндөп, 186,3 млрд сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын январь-майынын деңгээлинен 6,4 пайызга төмөндөп, 160,7 млрд сом болгон.

“ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарына байланыштуу болду. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпинин төмөндөөсү өткөн жылдын январь-май айына салыштырмалуу 98,8 пайызды (2019-жылдын январь-май айында – 111,9%), ал эми кызмат көрсөтүү тармагыныкы 92,7 пайызды (2019-жылдын январь-майында – 101,2%) түздү”, - деп айтылат маалыматта.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (49%) туура келген. Ал өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга төмөндөгөн. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 4 пайыздык пунктка көбөйүп, 39,2 пайызды түзгөн. Өнөр жай тармагынын үлүшү 25 пайызды түзгөн − өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайыздык пунктка жогору. Айыл чарба тармагынын үлүшү 8,3 пайызды түзүп, 0,5 пайыздык пунктка өскөн. Ошол эле учурда, курулуштун үлүшү 0,4 пайыздык пунктка азайып, 5,9 пайызды түзгөн.

Кыргызстандагы кедейчиликтин деңгээли. 2019-жылы кедейчиликтин деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түзүп, мурдагы жылга караганда 2,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Шаар жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 5,4 пайыздык пунктка, ал эми айыл жерлеринде 0,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

"2019-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылга киши башына 32 миң 981 сомду, эң төмөнкүсү 17 миң 706 сомду түздү. 2019-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн 313 миң адам жашаган. Алардын 73,8 пайызы айыл конуштарынын тургундары болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу кедейчиликтин деңгээли Таласта 8,8 пайыздык пунктка, Жалал-Абадда − 5,3%, Нарында − 2,5%, Баткен − 1,2%, Ошто − 0,7 жана Бишкекте − 3,5% жана Ош шаарында 14,8 пайыздык пунктка төмөндөгөнү белгиленген. Ошол эле учурда Чүй (3,5 пайыздык пунктка) жана Ысык-Көл (2,9 пайыздык пунктка) облустарында кедейчиликтин өскөнү белгиленген.

2019-жылы 0-17 жаш курагындагы 660,8 миң бала же ал курактагы балдардын 28,3 пайызы кедейчилик шартында жашаган.

Алтындан киреше. 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Кыргызалтын” ААКсынын таза кирешеси 310,5 млн сомду түзүп, мурдагы жылга караганда 3,5 эсе көп болгон.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2020-жылы 850 млн сом таза киреше түшөрү пландалууда.

“2019-жылдагы салык жана чегерүүлөр 205 млн сомду түздү”, - деп билдирет компания.

“Ишкерлик субъекттерди каржылоо”. Бул аптада “Айыл Банк” ААКсынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев өкмөттүн “Ишкерлик субъекттерди каржылоо” программасы боюнча бериле турган насыянын шарттары тууралуу айтып берди.

Ал билдиргендей жеңлдетилген насыя туризм, жеңил өнөр жайы, фармацевтикалык өнөр жай, жүк ташууларга, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына, өнөр жай (тоо-кен өндүрүшүнөн тышкары) тармактарына жана электрондук эсеп-фактураларды киргизгендерге берилет.

“Насыя негизги каражаттарга жана жүгүртүлүүчү капитал үчүн берилет. Негизги каражаттарды сатып алууга 60 айга чейин 6% менен 30 млн сомго чейин берилет. Анда 1,5 жылга чейин жеңилдик мезгили каралган. Жүгүртүлүүчү капитал (чийки заттарга) үчүн 3 жылга дейре 20 млн сомго чейин берилет. Анын жылдык пайызы 10%ды түзөт. 6 айлык жеңилдик мезгили берилет. Санаиптештирүү жүргүзүп, салык кызматтары менен онлайн (электрондук эсеп-фактура) иш жүргүзгөндөргө 4%дан насыя сунуштап жатабыз. Бул боюнча маалыматты жергиликтүү адистерден алууга болот. Ошондой эле 20 млн сомго чейин 3 жылга өнөр жай, кайра иштетүү ишканаларын 11% менен каржылоо маселеси каралды. Жеңилдик мезгили – 12 ай. Андан тышкары күрөөсүз чакан насыя берүү каралды. Ал 14% менен 1 жылга чейин берилет. Жеңилдик мезгили – 3 ай. Аны бардык кардарлар келип ала алышат. Насыя максатсыз пайдаланылса анын пайызы алган күндөн баштап жеңилдетилген чен эмес 30%дан эсептелет. Ошон үчүн мындай чара бар экенин эске алып коюңуздар”, - деди ал.

Бюджеттик жоготуу. Быйылкы жылдын 5 айында салык жана бажы боюнча жоготуулар 14 млрд сомду түзгөн.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында салыктар боюнча бюджетке 6,4 млрд сом түшпөй калган.

“Бажы төлөмдөрү боюнча 7,7 млрд сом түшкөн жок. Жалпысынан 14 млрд сом жоготуу болду”, - деди ал.

Чакан насыя. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 6 млрд 924,3 млн сом насыя берилип, аны алгандардын саны 143,9 миң адамды түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, чакан насыя алгандардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7,6 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 11,4 пайызга көбөйгөн.

Чакан насыялардан көбү Ош облусунда (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1 млрд 411,5 млн сому же 20,4 пайызы), Бишкек шаарында (1 млрд 182,3 млн сом же 17,1 пайыз), Жалал-Абад (1 млрд 33,1 млн сом же 14,9 пайыз) жана Чүй облустарында (972,8 млн сом же 14 пайызы) берилген.

Кредиттик портфель. “Айыл Банктын” кредиттик портфели 21,5 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу “Айыл Банк” ААКсынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев билдирди.

“Бүгүнкү күнү “Айыл Банктын” кредиттик портфели 21,5 млрд сомду түзүп, жалпы 72 миң кардар биздин насыяларды пайдаланып келе жатат. Биздин банк көптөгөн кызматтарды көрсөтөт, универсалдуу банк деп айтса болот. Насыядан тышкары, депозиттерди кабыл алабыз, акча которууларды жүргүзөбүз, валюта алмаштыруу, эсептик-кассалык тейлөө кызматтарын көрсөтөбүз”, - деди ал.

Айыл чарбасын каржылоо. Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо – 8” долбоору боюнча 2,8 млрд сомго насыя берилген.

Каржы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 5-июнга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 8” долбоорунун алкагында коммерциялык банктар аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө 2 млрд 824 млн 856 миң сомго 5 миң 547 жеңилдетилген насыя берилген.

Анын ичинен:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 339,7 млн сомго 1 миң 15 насыя;

- мал чарбачылыгына – 1 млрд 722 млн 55 миң сомго 4 миң 413 насыя;

- кластерге – 134,8 млн сомго 65 насыя;

- кайра иштетүү тармагына – 264,5 млн сомго 43 насыя;

- ун өндүрүүгө – 363,8 млн сомго 11 насыя.

Тышкы соода жүгүртүү. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-апрель айларында 1 млрд 753,9 млн долларды түзгөн.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2019-жылга (январь-апрель) салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүү 21,1 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорт 2,7 пайызга көбөйүп, импорт 31,4 пайызга азайган.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 764,5 млн долларды түзүп, 2019-жылга (январь-апрель) салыштырмалуу 8,1 пайызга азайган.

Ошол эле учурда экспорт 17,4 пайызга, ал эми импорт 5,2 пайызга азайган.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий