• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен кызматташат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 6 документке кол коюлган.

Кол коюлган документтер энергетика тармагы боюнча кызматташууга, өнүктүүрүүгө жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга багытталган.

1 • Алгач КР Энергетика министрлиги менен Univeral Energy Co. Ltd. (Универсал Энерджи) компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун негизги максаты Универсал Энерджи компаниясы КРда көмүртектин төмөн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттик жеке ишкана принцибинде шамал электростанциясын курууну ниеттенүүдө. Кол коюлган Меморандумдун мөөнөтү бир жыл.

2 • Мындан тышкары, КРнын Энергетика министрлиги менен China Energy International Group Co., Ltd. жана China Gezhouba Group International Engineering Co., Ltd. (КНР) компанияларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Тараптардын кол койгон документинин башкы максаты КРда шамал энергетикасы, фотоэнергетика, сактоо энергиясы ж. б. боюнча долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана ишке ашыруу болуп эсептелет. Кол коюлган документтин мөөтү 3 жылга чейин күчүндө болмокчу. “China Energy International Group Co., Ltd.” Жана “China Gezhouba Group International Engineering Co., Ltd.” компаниялары сунуш кылынган долбоордун мүнөздөмөлөрүнө жана шарттарына ылайык, инвестиция же каржылоо аркылуу тиешелүү долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

3 • Ошондой эле КРнын Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. (TBEA) компаниясы жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу боюнча кызматташуу ниетинде Макулдашууга кол койду.

Долбоордун негизги максаты келечекте Кыргыз Республикасынан Кытайга 220-500 кВ электр берүүчү аба чубалгыларын куруу. Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосуна келечекте 220- 500кВ аба чубалгыларын куруу боюнча Тараптардын кызматташуусунда пландалып жаткан долбоордо "Датка" ПСдан болжолдуу чек ара пункту "Иркештамга" чейин бир тармактуу 220-500 кВ аба чубалгы куруу,

Нарын облусундагы "Ак-Кыя" ПСдан "Торугарт" чек арасына чейин 220-500 кВ аба чубалгы куруу варианттары каралууда.

Кыргызстанда курулуучу күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү станциялардын жана ири ГЭСтердин электр энергиясы ички керектөөчүлөрдү толук камсыз кылып бүткөн соң, келчекте Кыргызстандан Кытайга 220-500 кВ курулган линия аркылуу ашыкча электр энергиясын коңшу өлкөлөргө кымбат баада экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

4 • КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев жогорудагы компанияларга катарлаш China Railway No. 5 Engineering Group Co., Ltd. компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койду. Ал эми Меморандумдун негизги максаты 6 ГЭСтен турган Сары-Жаз ГЭС каскадын куруунун артыкчылыктуу эсебин ишке ашыруу болуп саналат. Кол коюлган документтин күчү 3 жылга чейин сакталмакчы.

5 • Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, 2023-жылдын 23-майында КРнын Энергетика министрлиги менен Karamay Youlong Technology Service Co., Ltd. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Анда энергетика жана пайдалуу кендерди (көмүр, мунай, жаратылыш газы) иштетүү, ошондой эле аларды комплекстүү пайдалануу жана башка потенциалдуу энергетикалык долбоорлор жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. Документтин жарактуулук мөөнөтү 3 жыл болмокчу.

6 • Мындан тышкары, China Power International Development Limited менен КРнын Энергетика минисрлигинин ортосунда долбоорду ишке ашыруу жана электр энергиясын сатып алуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуунун максаты Ысык-Көл облусунда 1000 МВт күн электр станциясын куруу (КЭСти), долбоорлоо, жеткирүү, ишке киргизүү, каржылоо, ээлик кылуу, камсыздандыруу, эксплуатациялоо, техникалык тейлөө болуп саналат.

Электр энергиясына болгон ички суроо-талаптын жыл сайын болжол менен 3-5%га өсүшү, энергетикалык жабдуулардын эскириши жана колдо болгон кубаттуулуктун азайышы менен курчуйт. Электр энергиясына болгон ички керектөөнү жабуу үчүн кыска мөөнөттө энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде чакан ГЭСтерди ишке киргизүү жана куруу негизги план болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий