• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын көмүскө экономикасы 23%ды түзөт - Алыбаев

Экономика 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмү ИДПга карата 23%ды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика министрлигинин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Алыбаевдин айтымында, расмий эмес маалыматтар боюнча көмүскө экономиканын көлөмү болжол менен 30-40%ды түзөт.

Ал белгилегендей, Экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн санариптик технологиялар киргизилүүдө.

"Мисалы, салыктарды фискалдаштыруу электрондук системасы экономиканын белгилүү бир бөлүгүн көмүскөдөн чыгарат. Улуттук банк жана өкмөт тарабынан ишке ашырылган накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик программа бар", - деди Алыбаев.

Пикир

Оставить комментарий