• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт — 18-июнга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий