• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алматыда июлда коронавируска каршы калктын 30% жамааттык иммунитет пайда болору болжолдонууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин июлдун аягына чейин Казакстандагы эң ири калаада коронавируска каршы жамааттык иммунитет 30 пайызга жетерин божомолдоду.

"Алматыда коронавирус маалында элде иммундук катмар калыптанды. Азыр алматылыктардын 23 пайызынын коронавируска каршы иммунитети бар: 18 пайызы вакцина алган, 5 пайызы ооруп айыккан. Июлдун аягына чейин (жамааттык иммунитет) 30 пайыз болот деп ойлойм", – деди Жандарбек Бекшин.

Алматыда 16-июнга карата 357 299 киши вакцина алды. Ай башында Бекшин шаарда жамааттык иммунитет 21 пайызды түзгөнүн кабарлаган. 2020-жылы декабрда ал Алматы жашоочуларынын 55-56 пайызында жамааттык иммунитет пайда болгонун айткан эле. Анда иликтөөгө беш миң киши катышкан.

Пикир

Оставить комментарий