• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда экинчи жарандыгы тууралуу маалымат бербегендер үчүн жоопкерчилик киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Өзбекстанда башка өлкөнүн жарандыгын алган адамдарды бул тууралуу 30 күндүн ичинде мамлекеттик органдарга кабар берүүгө милдеттендирүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) Олий Мажлистин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Фарход Ашматовго шелтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкөнүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине белгиленген мөөнөттө экинчи жарандыгы тууралуу маалымат бербегендер үчүн жоопкерчилик киргизүү каралууда.

Мындан тышкары Өзбекстандын жарандыгынан ажыратылган адамды өлкөнүн паспорту же ID-картасы менен колдонгону үчүн административдик жоокерчиликке тартуу сунушталууда.

Фарход Ашматов белгилгендей, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары сунушталган өзгөртүүлөрдү 24-августтагы пленардык жыйында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Бул маселе Мыйзам чыгаруу палатасында каралган-каралбаганы боюнча азырынча маалымат жок.

Депутаттын айтымында, айрым өзбекстандыктар кош жарандуулукка уруксат берилген өлкөлөрдө жашап, ошол жердин жарандыгын алып жатышат. "Ички иштер органдары менен консулдук мекемелерге өз каалоосу менен башка өлкөлөрдүн жарандыгын алган өзбекстандыктарды аныктоо иши жүктөлгөн. Ошол эле учурда аларды бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик органдарына кабар берүүгө милдеттендирген нормалар жок", — деди депутат.

Өзбекстандын "Жарандык тууралуу" мыйзамына ылайык, чет өлкөнүн жарандыгын алган адам Өзбекстандын жарандыгынан ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий