• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын киберспортчулары Румынияда өткөн Дүйнө чемпионатында алтын утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Кыргызстандык киберспортчулар Румыниянын Яссы шаарында өткөн PUBG Mobile дүйнө чемпионатында алтын жана Dota 2 боюнча коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясынын президенти Руслан Атеев билдирди.

Анын айтымында, Дүйнө чемпионатына 110 өлкөнүн өкүлдөрү катышты жана PUBG Mobile оюнунда атаандаштар алсызыраак экенин башында эле билинип, жеңиш биздин жигиттер үчүн оңой болгон.

"Негизинен федерация 2017-жылы өзүнүн ишмердүүлүгүн баштаган. Биз мыкты оюнчуларыбызды эл аралык аренада көрсөттүк жана биздин аймак абдан күчтүү, потенциалы бар деп ишенимдүү айта алабыз. Мындан ары да жеңиштерди багынтууга аракетибизди уланта беребиз", - деди Атеев.

Ал эми федерациянын вице-президенти Тариэль Болотбеков белгилегендей, киберспорт спорттук тартипти талап кылат. "Азыр биз 22-сентябрдан октябрдын ортосуна чейин Кытайда өтө турган Азия оюндарына даярдык көрүп жатабыз жана байгелүү орундарды алууну каалайбыз. Анда бир нече дисциплиналар, анын ичинде онлайн-футбол болот", - деди Болотбеков.

PUBG Mobile курмасынын мүчөсү Дияр Осмонов Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи. Анын айтымында, катышуучулар бирдей шартта ойношту – бардыгына аппараттар (спонсордук телефондор) берилген. "Түркия менен Румыния күчтүү атаандаштар болгон жана алар биз менен бирге алдыңкы үчтүккө кирди", - деди киберспортчу.

Кураманын дагы бир мүчөсү Антон Генцельман кыргызстандык команда үчүн алдыда көп жеңиштер болоруна ишенерин билдирди. "Биз титулду коргоону улантууга жана Кыргызстандын атынан башка мелдештерде татыктуу катышууга ниеттенип жатабыз", - деди Генцельман.

Dota 2 курамасынын мүчөсү Бектур Кулов ал профессионалдуу оюндар менен 11-классынан бери алектенип келе жатканын жана бул бир карагандагыдай жеңил эмес экенин белгиледи.

"Белгилүү график бар – күнүмдүк режим, андан тышкары физикалык көнүгүүлөрдү жасоо керек, анткени кыймылсыз жашоо образы көп. Эспортко кадимки спорт катары мамиле кылуу маанилүү. Мен бир нече күн бою ойногон учурлар болгон, бирок аларды эстебей койгонум жакшы", - деди ал.

Федерациянын президенти Руслан Атеевдин айтымында, балдар PUBG Mobile утуп алганы үчүн команда 40 миң доллар, Dota 2деги үчүнчү орун үчүн 20 миң доллар алышкан.

Жыйынтыгында Атеев ар кайсы өлкөлөргө виза алууда командага бир гана колдоо көрсөтүүнү өтүндү, анткени команда бир кезде ушундай көйгөйлөргө туш болуп, Кытайга виза ала албай, турнирге катышпай калган.

Пикир

Оставить комментарий