• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун башында Актилек Мусаева Кыргызстан ШКУнун ишмердүүлүгүнө артыкчылыктуу маани берерин жана Уюмга мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү боюнча биргелешкен аракеттерди ар тараптан колдой тургандыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын башчысы 4-июлда ШКУнун кезектеги Саммити онлайн форматта ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан айтылган ШКУдагы Кыргызстандын негизги приоритеттерин, атап айтканда, ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна (2023-жылдын майы) жана ШКУ мүчө мамлекеттердин Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү маселеси боюнча кеңешмелерине (2023-жылдын июну) жогору баа беришти.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы өтө турган маанилүү иш-чараларга токтолуп, тараптар 2023-жылдын 25-26-октябрында Бишкек шаарында боло турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңешинин кезектеги жыйынын даярдоо боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Актилек Мусаева менен Чжан Мин экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле коопсуздук, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика жана транспорттук инфраструктура тармактарында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий