• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын төрт облусуна 1 млн сомго роутерлер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Күн мурун, 16-сентябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) директору Бахтияр Салиев жана элчи - ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс экөөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 1,1 млн сомдук суммасындагы 266 роутердин (маршрутизаторлордун) акыркы партиясы республиканын төрт облусуна тапшырылды. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков жарыялаган 2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жана "Санарип Кыргызстан 2019-2023" Концепциясынын Жол картасын ишке ашыруу жылы алкагында, ЖӨБЭММА "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасын ишке ашыруу аракетинде иш алып барууда.

Учурда планга ылайык, республиканын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат тутумуна, "Инфодокс" - электрондук документ жүгүртүү тутумуна жана "E-Кызмат" - адам ресурстарын башкаруу тутумуна туташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тутумдарды киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.

Мындай колдоо бүткүл республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө көмөктөшүп, натыйжада жергиликтүү калк муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды алуусунда жеңилдиктер камсыздалынат. Ошондой эле коронавирус илдетине байланыштуу мамлекеттик жана ммуниципалдык кызматкерлер аралыктан иштөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери менен таанышуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков ушул жылдын сентябрь айында Чүй облусунун Ак-Башат айыл өкмөтү жана Ош облусунун Мады айыл өкмөтүндө болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий