• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШИИБ эркек адам белге тепкен бала тууралуу билдирди

Коом 0

Бишкек, 03.12.17 /Кабар/. Бишкек ШИИБ видеодо эркек адам тепкен бала жакынкы убакта медициналык күбөлөндүрүүгө жеткирилерин билдиришти.

"Бала ооруканага күбөлөндүрүүгө жана бардык тиешелүү процедураларды өтүүгө жеткирилет. Учурда бала апасы менен, жашоосуна коркунуч жок",-деп билдирди Бишкек ШИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов.
Эскерте кетсек, Бишкек ШИИБи тура албай жаткан баласын тепкен адам тартылган видео боюнча шаардык милициянын кызматкерлери ыкчам-издөө чараларына киришкенин билдиришкен.

Адыл Оморовдун маалыматында, 2017-жылдын 2-декабрында Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан видеодогу адам аныкталып, башкармалыкка алынып келинген. Ал 1967-жылы туулган шаар тургуну А.Б. болуп чыкты.

"Бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБ териштирүүсү менен КР КК (Бейбаштык) 234-беренесине ылайык кылмыш иши козголду",-деп белгиледи А.Оморов.

Бир катар соттук экспертизалар дайындалды.

КР КЖК 94-беренесине ылайык, кармалган адам Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий