• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын түштүгүндөгү аэропорттор кыш мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагындагы аэропорттор кыш мезгилине даяр. бул тууралуу "манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда "Ош"эл аралык аэропорту, "Раззаков", "Баткен", "Жалал-Абад" жана "Караван" аэропортторунда кыш мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө.

Жүргүнчүлөрдү да, учактарды да үзгүлтүксүз, өз убагында жана сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүчү кызматтар жана атайын техникалар толук даяр. Техникалык тейлөө учуунун жана авиациялык коопсуздуктун бардык зарыл чараларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Учурда бардык кызматтар теориялык жана практикалык аттестациядан ийгиликтүү өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатышты.

Ош" эл аралык аэропортунун директору Тимурлан маданбековдун айтымында, өткөн жылы өлкөнүн түштүк аймагындагы аэропорттордо олуттуу чоң өзгөрүүлөр болду.

"Материалдык-техникалык база чыңдалып "Ош", "Караван", "Раззаков", "Баткен", "Жалал-Абад" аэропорттору реконструкциялоо, модернизациялоодон өттү.

Биз кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулаттык, бул жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жана учуунун коопсуздугун жакшыртууга жардам берет. Ал эми жаңы ачылган каттамдар жүргүнчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү бермекчи. Биздин бардык аракеттерибиз Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын жана жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга багытталган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий