• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын толлуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий