• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Издөө! Кырман конушунда 1 ай мурда жоголгон 3 өспүрүм туугандар изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда милиция дээрлик бир ай мурда жоголгон жаш туугандарды издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө А.А. аттуу жаран 2000-жылы туулган уулу Султанов Ырысбек Максуталиевичти, 1999-жылы туулган кызы Максуталы кызы Альбинаны, 2001-жылы туулган тууганы Канат кызы Алинаны издөөгө көмөктөшүүнү суранып арыз менен кайрылган. Алар 17-сентябрда Кырман конушунун Мадиев көчөсүндөгү үйдөн кочкул көк түстөгү “Мерседес-Бенц-210” үлгүсүндөгү унаа менен чыгып кетишип, кайтып келишкен эмес. Кийинчирээк бул унаа Келечек конушунан табылган, ал эми жоголгон адамдар бүгүнкү күнгө чейин үйүнө кайтып келишкен эмес.

Султанов Ырысбек Максуталиевич
Белгилери: Бою 160-162 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кара, кой көздүү.

Максуталы кызы Альбина
Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, арык дене түзүлүштөгү, чачы кара, кой көздүү. Өзгөчө белгилери: аппендициттен тагы бар.

Канат кызы Алина
Белгилери: Бою 150-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кочкул күрөң, кой көздүү.

Султанов Ы, Максуталы кызы А. жана Канат кызы А. тууралуу маалыматы бар болгондор Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө (312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(552) 90-91-63 телефондору аркылуу же 102 номери аркылуу байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий