• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жол кырсыгына кабылган окуучулар кайсы мектепте окугандыгы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунда кырсыкка Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары кабылган.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, автобустун ичинде 18 окуучу болгон. Учурда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо мектеп автобусу менен GoBus кичиавтобусу сүзүшүп, мектеп автобусу оодарылып калган. Автобустун ичиндеги окуучулар жаракат алып, ооруканага жетирилген.

Пикир

Оставить комментарий