• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүндө кумга кулап, чыга албай калган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Аламүдүндө кумга кулап, чыга албай калган жаран куткарылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "112" кызматынаАла-Арча капчыгайында 1987-жылы туулган К.И. аттуу эркек киши кумга кирип кетип чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, жогору аталган эркек кишини кумдан чыгарышкан. Абалы жакшы, жаракат алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий