• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай Кыргызстанга эки комплект көчмө оорукана берет

Экономика 0

Бишкек, 18.05.23./Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Кытайдын коммерция министри Ван Вэньтао «Көчмө оорукана» долбоору боюнча КРнын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы өткөрүп алуу актысына кол коюшту.

Документке президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында кол коюлду.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстанга 38 атайын медициналык унаа жана башка жабдуулардан турган эки комплекст мобилдүү госпиталь берилет.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, Кр экономика жана коммерция министри –Данияр Амангелдиев жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү жана Кытайтын тышкы иштер министри Цинь Ганг КР министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол койду.

Бул макулдашууга ылайык, Кыргызстанга эки өлкөнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий