Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"2-февралга алынган маалымат боюнча илдетти жуктуруп алгандардын саны 17 205ке жетсе, 2 миң 296 адамдын абалы оор. Ал эми 475 жаран ооруканадан чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, Кытайда жекшемби күнү эле аталган ооруну жуктуруп алган 2 миң 829 учур катталган. Ошондой эле 57 жаран каза болгон.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган.
Пикир
Оставить комментарий