• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткен аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде 2021-жылдын 4-август күнү Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунун кармады.

Бул аялдын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги аныкталып кармалды.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинин 167-беренесинин («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий