• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция баңгизатын мыйзамсыз сатып жүргөн эки жаш жигитти колго түшүрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сатып жүргөн эки жаш жигитти колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендерди аныктоо боюнча бөгөт коюуга багытталган бир катар операциялар ийгиликтүү аяктады. Анын натыйжасында Жалал-Абад облусуна караштуу Каракөл шаарында туулган 23 жана 20 жаштагы эки жигит кармалган. Алардын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар салмагы 987 грамм болгон зат табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Азыркы учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий