• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лайнерде коронавирус жукту деген кыргыз жараны Бишкекке келди

Ден соолук 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Diamond Princess лайнеринде коронавирус жукту деген кыргыз жараны бүгүн, 9-мартта Бишкекке келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал келери менен дароо обсервацияга жаткырылган. "Абалы канааттандырарлык, керектүү анализдер алынды. Азырынча жыйынтыгы чыга элек", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кыргызстандык жаран 2020-жылдын 15-февралынан 29-февралга чейин Токио шаарындагы аскердик госпиталга жаткырылган. Андан бир нече жолу анализдер алынып, жыйынтыгы таза чыккан. 2020-жылдын 29-февралында госпиталдан чыгарылган, саламаттыгы жакшы деген кагазы бар.

Министрликтен кошумчалашкандай, республикада коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы 20 күндө тобокелдик жогору өлкөлөрдө болуп келген Кыргызстандын жарандары кайтып келгенде 14 күндүк тийиштүү карантинге алынат.

Пикир

Оставить комментарий