• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лавров Кыргызстан жана Тажикстандын ТИМ башчылары менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Россиянын Бишкектеги элчилигинен билдиргендей, сүйлөшүүлөр Россия тараптын демилгеси менен жүргүзүлдү.

“Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында келип чыккан чырды бир гана саясий дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча жетишилген келишимдерди кубаттайт. Эки өлкө кырдаалды толугу менен нормалдаштыруу жана эки бир тууган элдин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүдө өз милдеттенмелерин так аткарарына ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий