• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лейла Сыдыкова: Өлүм жазасын колдогондор болду, бирок буга муктаждык жок

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Көчмөндөрдүн тарыхында өлүм жазасы болгон эмес, бүгүнкү күндө да буга муктаждык жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин “Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын мүчөсү Лейла Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, ар кандай сунуштар түшүүдө, анын бири – өлүм жазасы.

"Өлүм жазасын колдогондор болду, бирок буга муктаждык жок. Бүгүнкү күндө өзгөчө оор кылмыштардын саны өсүп жатканы байкалган жок. Өлүм жазасы алынгандан кийин статистика бир калыпта келүүдө. Бул жазага татыктуу кылмыш иштери өскөн жок, кылмыштуулук азайган жылдар да болгон. Мындан улам азырынча өлүм жазасына муктаждык жок", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий