• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлек районундагы мектептерде зомбулукка каршы акция уланууда

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Лейлек районундагы мектептерде зомбулукка каршы акциясы уланууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрүнүн демилгеси менен Кулунду айыл аймагындагы орто мектептеринин окуучулары "Биз зомбулукка каршыбыз" деген лозунгтардын астында соцпедагоктор жана жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрдүн коштоосунда жөө жүрүш жасалды.

Жөө жүрүш жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматтык автоунаасы менен коштолуп, укук бузуулар катталган жок.

Жөө жүрүштөн соң, ата-энелерге үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий