• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте милиция кызматкерлери жапайы өскөн кара куурайларды жок кылышууда

Аймак 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Баткендин Лейлек райондук милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында Катраң айыл аймагынын суу жээгинде өскөн кара куурайларды өрттөшүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жапайы өскөн кара куурайлар баңги катарында колдонулуп, жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Жалпысынан Катраң айыл аймагынан 50 сотых жер иликтенип чыгып, 1 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий