• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө аймагында 3нөн 7-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 3-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдунунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15° суук,күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин,тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-9°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышышып үзүлүү коркунучун алып келет.

3-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 3-ноябрда күндүз жана 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

4-ноябрда күндүз жана 5-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-ноябрда күндүз, 6-ноябрда жана 7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий