• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында өзгөчө абал киргизилбейт - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб өзгөчө абал режимин киргизүү зарыл эмес деп чечти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда штабдын отуруму болуп, анда бул чечим кабыл алынды. Бирок, ошол эле убакта мамлекеттик кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар көп болгондуктан, аралыктан иштөө сунушталды.

"Мамлекеттик администрацияларга жана мэрияларга эл көп чогулган базарларда, соода түйүндөрүндө көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды", - деди ал.

Каратаев Саламаттык сактоо министрлигине санитардык нормаларды сактоо, аралыкты жана максималдуу өзүн-өзү изоляциялоо боюнча маалыматты күчөтүү максатында протоколдук тапшырма берилгенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий