• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө боюнча бейтапканаларда коронавирустан 609 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өлкө боюнча бейтапканаларда коронавирустан 609 адам дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, илдеттен жалпы 1219 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

“Коронавирус жуктурган 16 адам оор абалда, 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, Ал эми 801 адамдын абалы орто жана 512 адам канааттандырарлык абалда”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1845 учур катталды. Илдеттен 1219 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 17 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий