• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөдө 17 камсыздандыруу уюму иштеп жатат – Финкөзөмөл кызматы

Экономика 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Азыркы учурда Кыргызстанда 17 камсыздандыруу уюму иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында камсыздандырууну өнүктүрүү саясат бөлүмүнүн башчысы Адилет Сыргытаев билдирди.

Анын айтуусунда, алардын ичинен 12 уюм кыргыздын 100 пайыз капиталы менен, 4 уюм резидент эместердин катышуусунда, 1 уюм аралаш капиталдар менен өздөрүнүн иштерин жүргүзүп жатат.

"2019-жылдын 1-январына карата камсыздандыруу уюмдарынын өздүк капиталдарынын жыйындысы 3 млрд. 86 млн. сомду, камсыздандыруу резервдеринин көлөмү 271,5 млн. сомду түздү. 2018-жылдагы камсыздандыруу сыйакыларынын көлөмү 1 млрд. 98 млн. сомду түзгөн. 2018-жылдагы камсыздандыруу сыйакыларынын негизги үлүшү мүлктөрдү камсыздандырууга таандык. Камсыздандыруу сыйакыларынын жалпы суммасынын 62,0 пайызы мүлктөрдү камсыздандырууга, 14,7 пайызы жеке камсыздандырууга, 8,1 пайызы жоопкерчиликтерди камсыздандырууга, 15 пайызы милдеттүү камсыздандырууга таандык", - деп билдирди ал.

Сыргатаев кошумчалагандай, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү республика боюнча 128,3 млн. сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий