• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары кызматына дайындалды.

Катчылыктын жамаатына Өмүрбек Суваналиевди КР Президентинин Аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырды.

Өмүрбек Суваналиев - 1960-жылы 31-июлда Талас облусунун Талас шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1981-жылы СССР ИИМинин Караганда Жогорку мектебин аяктаган. Укук таануучу адис.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Милициянын генерал-майору.

Эмгек таржымалы:

1977 — 1981-ж.ж. — СССР ИИМ Караганда ЖМ, угуучу;

1981 — 1983 -жж. — Талас облустук ИИБ, кылмыш изилдөө бөлүмү, улук инспектор;

1983 — 1984-жж. — Кара-Көл шаардык ИИБ, социалисттик мүлктү уурдоого каршы күрөшүү бөлүмү, инспектор, улук инспектор;

1984 — 1984 -жж. — Талас облустук ИИБ, кылмыш изилдөө бөлүмү, улук оперкызматкер;

1984 — 1985 -жж. — Манас райондук ИИБ, социалисттик мүлктү уурдоого каршы күрөшүү бөлүмү, улук оперкызматкер

1985 — 1986-жж. — Талас облустук ИИБ, социалисттик мүлктү уурдоого каршы күрөшүү бөлүмү, улук оперкызматкер;

1986 — 1988 -жж. — Бишкек шаары, Ленин райондук ИИБ, социалисттик мүлктү уурдоого каршы күрөшүү бөлүмү, улук оперкызматкер;

1988 — 1989 -жж. — Аламүдүн райондук ИИБ, коомдук мүлктү уурдоого каршы күрөшүү бөлүмү, жетекчи;

1989 — 1990 -жж. — Пржевальск шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн мүлктү уурдоого каршы күрөшүү бөлүмү, жетекчи;

1990 — 1991-жж. — Пржевальск шаардык ИИИБ, жетекчинин орун басары;

1991 — 1992 -жж. — Ысык-Көл райондук ИИБ, жетекчи;

1992 — 1993 -жж. — Ысык-Көл облустук ИИБ, кадрлар карамагында;

1993 — 1993 -жж. — Ысык-Көл шаардык жана райондук ИИБ, жетекчи;

1993 — 1993 -жж. — ИИМ, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы, 8-бөлүмдүн жетекчиси;

09.1993-ж. — Өз каалоосу менен Ички иштер органдарынан кызматтан бошогон;

1993 — 1994 -жж. — «Улуттук ар-намыс жана Кыргыз мамлекетин өнүктүрүү» Ассоциациясы, вице — президент;

1994 — 1995 -жж. — Кыргыз Республикасынын Салык полициясынын Департаменти, башкармалыктын жетекчиси;

1995 — 1997 -жж. — КР Жогорку Кеңеши, депутат;

1997 — 1998 -жж. — Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы, жетекчи;

1998 — 1998-жж. — Улуттук коопсуздук министрлиги, кадрлар карамагында;

1999 — 2002 -жж. — «Ар-Намыс» саясий партиясы, фонддун директору

2003 — 2003 -жж. — Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты, саясатчылардын жана соттолгондордун укугу боюнча департамент, департаменттин директору;

2003 — 2005 -жж. — Нарын облустук ИИБ, жетекчи;

2005 — 2005 -жж. — Бишкек шаардык ИИБ, жетекчинин милдетин аткаруучу;

2005 — 2005 -жж. — Кыргыз Республикасынын ИИМ, Бишкек шаардык ИИБ, жетекчи — министрдин орун басары;

2005 — 2005 -жж. — Кыргыз Республикасынын ИИМ, кадрлар карамагында;

2005 — 2005 -жж. — Бишкек шаардык ИИББ, жетекчи — министрдин орун басары;

2005 — 2006 -жж. — Кыргыз Республикасынын ИИМ, министрдин орун басары;

2006 — 2007-жж. — Кыргыз Республикасынын ИИМ, министрдин милдетин аткаруучу;

2007 — 2008 -жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмү, бөлүм башчы;

2008 — 2009 -жж. — Нарын облустук мамлекеттик администрация, башчы — губернатор;

04.02.2019 -ж. — КР Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий