• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министринин орун басары студенттер менен жолугушту

Коом 0


Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев 21-февраль - Эне тилинин эл аралык жана 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга жаштардын жаратман өкүлдөрү, “Манас” эпосунун негизинде мультсериал тартып жаткан “Тентек” анимациялык студиясынын жетекчиси Жалил Мукамбет катышып,азыркы санариптештирүү доорунда “тентек” болуунун мааниси жөнүндө маек курду.

“Тилимпоз” социалдык баракчасынын жетекчиси, лингвист, кыргыз тили мугалими Нуркалый Масалбеков эне тилдин азыркы доордогу орду жөнүндө кенен кеп салды.

Ошону менен биргеликте, УКМКнын Чек ара кызматынын тарбия иштер башкармалыгынын башчысы Раимбек Турдалиев Ата Мекенге патриоттук сезим менен кызмат кылууга өлкөбүздүн жаш жарандарын үгүттөдү.

Пикир

Оставить комментарий