• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Кол өнөрчүлөр көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Сулайман-Тоо” МАБынын Кол өнөрчүлөр көчөсүнө барып, жергиликтүү тургундар жана аталган көчөнү реконструкциялоо боюнча демилгелүү топ менен жолугушту.

Калаа башчы бул көчөнү кол өнөрчүлөр устаканалары бар туристтик жайга айландыруу жана жолун оңдоо боюнча долбоордун сунушу менен таанышты.

Ага улай аталган көчөдөгү байыркы диний объекттерге, анын ичинде Рабат Абдуллахан Жами мечитине барды.

Шаар башчысы тарыхый жайларды сактоонун маанилүүлүгүн айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кол өнөрчүлөр көчөсүн реконструкциялоо планы бар экенин, бул тарыхый жайлар туристтердин кызыгуусун арттырарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий